Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы Бишкек шаардык сотуна БШКнын 20-декабрга кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча токтомун жараксыз деп табуу боюнча административдик доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу уюм өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мыйзамсыз жана жараксыз деп табылышы керек, анткени комиссия мурунку добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктабастан кайра шайлоону дайындоого укугу жок. Мындан тышкары, БШК шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча келип түшкөн бардык арыздарды караган жок.
“Башка сөз менен айтканда, мыйзамдарда шайлоо процесси аяктагандан кийин жана алар жараксыз деп табылган учурда гана кайрадан шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгү каралган”, – деп белгилешти коалициянын юристтери.
https://www.facebook.com/coalitionkg/posts/4006357442711128
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ