Menu

Бүгүнкү канайым Айгүл Токоеванын эл аралык жыйындарга жоолукчан барганы, кыргыз аялзатынын нагыз жүзү. Нарктуу элдин урпактары муну жакшы билет…

Бөлүшүү:

— Саясат-деген, жалган дегенди түшүндүрөт. Өткөндө бирөө менен сүйлөшуп отуруп, сен бул окуяны кече эле башкача айттың эле го – деп калпын кармап алсам:

— Ооба, кече ошентип айттым эле. Анда жөн эле “саясат кылып” ошентип койгомун… Чындыгында ушундай болчу – дейт. Демек, саясат деген жалган-дегенди түшүндүрөт-деп жыйынтык чыгарсак болот-деп бир сүрөтчү агам “саясат”- деген сөздү чечмелеп берди эле. Чындыгында мамлекетте жүрүп жаткан саясат ошол мамлекеттин саясатчыларынын жүзүн көрсөтүп турат. Анын бир мисалы катары 2011-жылдан, 2017-жылдын соңуна чейин 6 жыл бөтөлкөдөн чыккан “Джин” сыяктуу алешем саясаттын курмандыгы болуп келбедикпи. Саясат саясатчыга жараша болот тура…

Сөз азыркы президент С.Жээнбековдун жубайы туурасында болмокчу. Бүгүнкү канайымдын айланасында жүрүп жаткан саясатты карап көрсөк, күн өткөн сайын өтө пастык менен өөрчүп баратат. Эркек экени эсинен чыгып кээ бир эркектаналар уялбай канайымдын жоолугуна асыла баштады. Кыргыз түптүү эл экенин тарых далилдеп келет. Түптүү элдин нарк-насилин сактап келген биздин энелерибиз болгон! Кыргыз элинин наркы ошол энелерибиздин ак жоолугунда! Ак элечегинде! Кош этек ак көйнөгүндө. Биздин энелерибиз эч качан жоолугун чечип, жылаң баш, чачын жазып эл чогулган жыйынга барган эмес! Ал эми бүгүнкү канайымдын эл аралык жыйындарга жоолукчан барганы, кыргыз аялзатынын нагыз жүзү! Бул жалпы кыргыз эли жүрөгүнүн түпкүрү менен кабыл алып, сыймыктанчу маселе! Аны нарктуу элдин урпактары жакшы билет…

АКШнын Президенти Дональд Трамп, КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков жубайлары менен чогуу түшкөн сүрөтүн маңкурттар мазактап, КРнын канайымынын колуна монтаждап тойдон чыккандагы көк пакетти карматып шылдыңдап жасаган сүрөтү социалдык тармактарда, интернет айдыңында жайылып кетти. Бул жанагы Аширалиев деген мурунку губернатор жазгандай “Бишкек галош жыттанып кетти” дегендей эле сөз деп түшүндүк. Кыргыз элинин душмандары атайын карасанатайлык менен жасаганын түшүнбөгөн карапайым элдин арасында бул көрүнүш жөнүндө ар кандай талкуу жаралып келет.

Караламан эл арасында бул сүрөткө чын эле ишенип алып, кадыресе кейип-кепчигендери да бар. Ошол эле учурда жасалма экенин билип туруп атайын бүшүркөп, “Көк ит көрүп үрөт, көп ит көрбөй үрөт” болуп дүрбөп, арты-артынан “үрүп” жаткандары да четтен чыгат. Бул көрүнүш кошуна мамлекеттердин интернет колдонуучулары арасында да талкууга түшүп, жалпы кыргыз элинин атына ар кандай осол сөздөр айтылууда. Бул сүрөттү жасаган көр пенде-кыргыз эмес! Эгерде кымындай кыргыз-деген сезими болгондо кыргызга мындай кыянатчылык кылбайт эле. Ким жасаса да аны кыргыз элинин душманы деп таанууга болот!

Ал эми эл арасында күдүк ой жаратпаш үчүн бул сүрөттүн түп-нускасын (оригиналын) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан:

— КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков АКШга иш сапары менен барып, Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып, БУУнун Башкы ассамблеясында ааламдашуу алкагында жалпы адамзатка көйгөй жараткан орчундуу маселелер боюнча сөз сүйлөдү. Иш сапардын соңунда АКШнын Президенти Д. Трамп менен жолугушуп, эстелик үчүн эки өлкөнүн президенттери жубайлары менен чогуу сүрөткө түштү-деп бир-нече жолу кайталап сүрөттүн түп-нускасын көрсөтүп койсо эле жетиштүү болмок.

Мында, мамлекеттик ЖМКлар “Улуттук 1-канал”, “ЭлТР”, “Пирамида ТРК”, “Кабар” маалымат агенттиги, “Кыргыз-Туусу”. “Эркин-Тоо”, “Слово Кыргызстана” башында турган облустук ТРКлар жана гезиттер ар кимимси өз арбайын согуп, ыраатуулук менен иш алып барбай, кайдыгер карап отурганынан пайдаланып, социалдык тармактардагы маңкурттардын куру жалаасы алардын расмий маалыматын тебелеп баратканын байкоого болот. Мамбюджеттен каржыланган ЖМКларды координациялаган мамлекеттик структура дале ойгоно элек экенинен кабар берет.

“Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман”- дегендей мамлекеттик ЖМКлар маалымат коопсуздугун камсыз кыла албай, мамлекеттик жетекчилердин аткарып жаткан иштери жөнүндө позитивдүү маалыматты коомчулукка өз учурунда жеткирип бере албай жатканын байкап туруп, карапайым эл арасындагы маалымат боштугун карасанатай маңкурттар ээлеп кетип жатат. Жыйынтыгында мына ушундай кейиштүү көрүнүштөр орун алып, жалпы дүйнө коомчулугу алдында канайым менен бирдикте бүтүндөй кыргыз эли куру жалаанын курмандыгы болуп отурат.

Ар бир кыргыз кызы-Кыргыз элинин энеси! Келечектеги кыргыз элинин энелери, жалпы кыргыз аялзаты канайымдан үлгү алып түптүү журттун түпкү наркын сактап ак жоолугун башынан түшүрбөй, ата салтын улантып аруулугун сактайт деген үмүт менен сөзүбүздү жыйынтыктайбыз…

Б. Тасмаев

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: