ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында Э.И.Н. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда КР чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11647 килограмм болгон “Жүзүм” жана “Курма” табылган.
Кармалган товардын жалпы наркы 697270 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ