Menu

Ош шаарында токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогулдан табылды

Бөлүшүү:

Ош шаарында токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогулдан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 23-октябрда Ош ШИИБнен Жалал-Абад ОИИБне багыттама жиберилип, анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанында кулпуланып токтоп турган, кызыл түстөгү “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунааны, 23-октябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер ичин ачып, айдап кетип калгандыгы белгиленген.

23-октябрда болжол менен саат 11:20 чамасында Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн инспектору Токтогул районунун аймагынан Бишкекти көздөй бараткан кызыл түстөгү “Хонда Фит” автоунаасын токтоткон учурда, айдоочу токтобой айыл аралап айдаган.

Инспекторлор автоунаанын артынан кууп жеткен учурда анын айдоочусу, Ош облусунун тургуну 1994-ж.т. Х.Р. автоунаадан түшүп жөө качып жөнөгөн.

Эскертүү иретинде асманга ок атылган учурда да ал токтобогон.

Инспекторлор артынан кууп жетип Х.Р. кармалган.

Ал эми, окуя болгон жерден эч ким денесинен жараат алган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: