Бүгүн, 25-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 606 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 88, Ош шаарынан – 36, Чүй облусунан – 29, Ош облусунан – 97, Талас облусунан – 24, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 41, Жалал-Абад облусунан – 184, Баткен облусунан – 105 катталган.
Муну менен жалпысынан 55 750 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 279 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 47 050гө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 53, Ош шаары – 24, Чүй облусу – 25, Ош облусу – 73, Талас облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 13, Жалал-Абад облусу – 55, Баткен облусу – 30.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан (пневмонияны эске алганда) 4 адам каза болду. Баткен облусу – 1, Ош облусу – 1, Нарын облусу – 1, Ош облусу – 1. Алардын жалпы саны 1126га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ