Menu

Чүй облусунда жол кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

Бөлүшүү:

Чүй облусунда жол кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 26-октябрь күнү Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 9 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме Чүй облусунун ИИББнын кеңешме залында өткөрүлгөн.

Аталган иш-чарага ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги, Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын жетекчилиги ошондой эле райондук шаардык ЖКККБнын бөлүм башчылары катышышкан.

Жыл башынан бери Чүй облусу боюнча ЖКККБнын аткарган иштери боюнча өткөн жылга салыштырмалуу баяндама жасалып, кызматкерлер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу багытында аткарган иштерине токтолгон.

Жол кырсыктарын болтурбоо үчүн көрүлгөн иш-аракеттер тынымсыз жүргүзүлгөнү менен айрым кемчиликтерди жоюу боюнча жетекчилик тарабынан тапшырмалар коюлган.

Алдыда кыш мезгили жакындап калгандыгына байланыштуу жүргүнчү ташыган каттамдардын айдоочуларына автоунааларды мезгилин талаптарына жооп берүүгө ылайыктоо боюнча түшүндүү иштерди жүргүзүү зарылдыгы айтылган.

Андан сырткары кышкы туристтик мезгилге карата даярдык жумуштарды күчөтүү тапшырмалары коюлган.

Кеңешмеде, ар бир райондук шаардык ЖКККБнын жетекчилерине жол кырсыктарын алдын алуу багытында жумуштарды күчөтүү боюнча талаптар коюлган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: