Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Анаш Кадырова каналдын жетекчилигин кызматтан кетирүүгө басым, коркутуу жасаган. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда журналист Бурулай Пусурманкулова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, коркутуу жасоодон тышкары, КТРКнын кабарчылары бара турчу чет өлкөдөгү таанышуу иш-чараларына жалган документ жасатып өзү барып келген.
“Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Анаш Кадырова каналдын жетекчилигин кызматтан кетирүүгө басым, коркутуу жасагандан, кадр маселесине аралышып, кимдин эфирге чыгып, чыкпашын чечүүгө аракет кылып, түрдүү интригаларды жасагандан сырткары КТРКнын кабарчылары бара турчу чет өлкөдөгү таанышуу иш-чараларына жалган документ жасатып өзү барып келген“, – деп билдирүү жазды Бурулай Пусурманкулова.
https://www.facebook.com/burulai.pusurmankulova/posts/10225514310111202
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ