Кечээ, 25-октябрда “Ата Мекендин” лидери, депутат Өмүрбек Текебаев кызын турмуш жолуна узатты. “Кыз узатуу” салтанаты борбордогу “Фрунзе” ресторанында өттү. Интернетте тараган сүрөттөргө жана видеолорго караганда, иш-чарага 30дан ашуун адам чогулган.
Белгилей кетсек, пандемия учурунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Анын үстүнө акыркы күндөрү коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны тездик менен өсүп жатат. Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан иштей баштады, ыктыярчылар бүгүнтөн баштап кайрадан COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардамга барышууда.
Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы түшүндүрмө берди.
«Азыр иш-чара кайсы ресторанда өткөнүн тактап жатабыз. Санитардык-экологиялык инспекция сөзсүз түрдө барып, ал мекемени текшерет», – деп жооп берди муниципалитеттин басма сөз кызматы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ