Menu

Алайда өз энесин эшиктин кулпусу менен уруп, өлтүрүп алган 10-класстын окуучусу абактан бошотулду

Бөлүшүү:

Алай райондук соту 14-октябрда аялдын өлүмү боюнча ишти токтотту. Маалыматты Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү ММКлар 2020-жылдын 24-апрелинде Жошолу айыл аймагынан 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгын жазган. Аялдын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен анын 10-класстагы кызы кармалган.

Айрым маалыматтарга караганда, аял көп жылдар бою спирт ичимдиктерин ичип келген. Окуя болгон күнү дагы аял мас абалында болуп, кызы менен урушуп кетишкен. Мектеп окуучусу эшикке илинип турган кулпуну алып, апасын 2-3 жолу уруп жиберген. Апасынын башына ургандан кийин, ал башка бөлмөгө кирип, жатып алган. Натыйжада аял алган жаракатынан улам көз жумган.

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Маалыматтарга караганда, 7-8 жыл мурун кыздын атасы каза болуп калган. Анын артында төрт баласы калган.

Натыйжада, Алай райондук соту 14-октябрда кызды Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүмү (аффект абалында киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Андан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин негизинде жоопкерчиликтен бошотулуп, кыз абактан чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: