Базар-Коргон районунда короодогу бакка эркек киши асынып алып өмүрүн кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 26-октябрь күнү саат 14:40та Базар-Коргон айылынын А.Кахаров көчөсүндө жайгашкан №15 турак үйдүн короосундагы жаңгак бакка азият улутундагы 1971-жылы туулган эркек киши асынып өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат 102-кызматынан түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин №78 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып маркумдун жансыз денесин алып түшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ