Menu

Максат Мамытканов «Семетей» госпиталынын коронавирус инфекциясынын ыктымалдуу экинчи толкунуна карата даярдыгы менен таанышты

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Максат Мамытканов мурдагы «Ганси» аскер базасынын аймагында жайгашкан «Семетей» госпиталына барды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилесек, «Семетей» госпиталы коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында жарандарды жайкысын кабыл алуу үчүн ыкчам түрдө уюштурулган, бирок техникалык мүнөздөмөсүнө байланыштуу анын күз-кыш мезгилинде мындан аркы пайдаланылышы мүмкүн эмес эле. Буга байланыштуу аны күз-кыш мезгилинде иштетүүгө даярдоо чечими кабыл алынган.
Коронавирустун ыктымалдуу экинчи толкунуна карата даярдык алкагында  1300 койко-орун даярдалган, ошондой эле 5 кошумча корпус тийиштүү инвентарь менен жабдылган жана медициналык кызматкерлерди жайгаштыруу үчүн даярдалган.

Учурда госпиталь жарандарды кабыл алууга 90% даяр, шыптарды которуу, ошондой эле электр-монтаждоо жана сантехникалык иштер калган.
Вице-премьер-министр белгилегендей, кыска мөөнөт аралыгында бардык ремонт иштери бүткөрүлүшү керек, мында өзгөчө басымды пландаштырылып жатан иштердин сапатына жасоо зарыл.

“Процессти создуктурбастан, иштерди жыйынтыктоо керек, акча каражаты бөлүнгөн. Эпидемиологиялык абал начарлап жатат, биз 100% даяр болушубуз кажет”, – деп кошумчалады Максат Мамытканов.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Өзгөчө кырдалдар министрлигине оңдоо иштеринин жыйынтыкталышын жеке көзөмөлгө алууну тапшырды жана бардык милдеттерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: