Menu

Дастан Бекешев: “Кылмыш-жаза кодексине Садыр Жапаров тарабынан сунушталган жаңы түзөтүүлөрдө өтө чоң тобокелчиликтер жана коркунучтар бар”

Бөлүшүү:

Депутат Дастан Бекешев Кылмыш-жаза кодексине Садыр Жапаров тарабынан сунушталган жаңы түзөтүүлөр өтө чоң тобокелчиликтер менен коштолгонун айтты. Бул тууралуу ал Telegram түйүнүндөгү “Элдик депутаттын ойлору” каналында билдирди.

“Парламенттин сессиясы депутаттар тарай баштаганы жана добуш берүүгө талап кылынган депутаттардын саны жок болгондугу менен аяктады – кворум болгон жок. Мыйзам долбоорлору бат-баттан каралып, пачкалап өттү. Мен анын эсебин билбей калдым деп ачык эле айтам. Алардын бардыгы менен таанышууга үлгүрдүм, абдан кызыктуу мыйзам долбоорлору бар” – дейт депутат.

“Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, алар 60 күндүн ичинде бюджетти толтурууну каалашат. Бул Садыр Жапаровдун идеясы. Ал уурдап келгендерди жана уурдап жаткандардын бардыгын “кустургусу” келет” – деп жазган эл өкүлү.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын, ага ылайык, экономикалык кылмыштарга шектүүлөрдөн келтирилген зыянды төлөп берүү үчүн 60 күн берүү талап кылынарын белгиледи.

“Жок дегенде, анын ниети жакшы деп ойлойм, бирок мыйзамда мындай деп жазылыптыр: эгерде адамды СИЗОго “Мыйзамсыз ишкерчилик”, “Салык төлөөдөн качуу”, “аткезчилик”, “коммерциялык сатып алуу” беренелери боюнча ж.б.у.с. камалса, ал адам СИЗОдо тергөө менен кызматташууну чечсе, ал келтирилген зыянды төлөп берет. Беренеге жараша ал бир же эки эсе болот, ал эми коррупция үчүн үч эсе өлчөм белгиленет. Мисалы, келтирилген зыян 100 миң болсо, анда кармалган адам андан эки эсе көп – 200 миң сом же үч эсе – 300 миң төлөшү керек. Бул ченемдер 60 күн бою күчүндө болот. Садыр Жапаровдо 60 күн ичинде бюджеттин пайдасына көптөгөн адамдардан кантип акча сыгып алуу керек деген кызыктуу программа бар.

Бирок, ал 29-декабрда президенттикке талапкер болуп “көрдүңүздөрбү, мен 200 адамды мурун жегендерин кустуруп, бюджетибизди 30 миллиард сомго толтурдум” деп айтат” – дейт депутат.

Дастан Бекешев укук коргоо органдары бул мыйзам ченемин кыянаттык менен пайдаланат деп чочулайт.

«Мен бир нерседен корком: бул жерде укук коргоо органдары кыянаттык кыла башташат жана, мисалы, бизнес менен алектенген бирөөнү кармап, “сен салык салуудан качтың” деп, тез арада ушул мыйзам долбоору боюнча андан акча сыга башташат. Албетте, эч ким түрмөдө отургусу келбейт. Бардыгы тез арада төлөп, үйүнө кетүүгө макул болушат. Бул биз бүгүн караган мыйзам долбоору. Бул мыйзам долбоорунда өтө чоң тобокелчиликтер жана коркунучтар бар, бирок ниет жакшы” – деп жыйынтыктады депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: