Бүгүн, 30-октябрда “Түндүк электро” ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты.
Маалыматка ылайык, алардын учурдагы саны 300 адам. Алар бүгүн жумушка чыгышкан жок. Ал эми Улуттук энергетикалык холдингдин өкүлдөрү иш таштагандарга кошулган эмес.
Митингге чыккандар жетекчиси иштен алынып, ордуна жаңы адам дайындалышына нааразы болуп жатышат.
Митингчилер мурдагы башкы директордун кайтып келишин талап кылып, Ак үйгө бет алууну чечишти. “Түндүкэлектро” командасынын айтымында, жаңы жетекчи мурунку кызматынан бошотпой туруп, мыйзамсыз алынып келинген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ