Бир сутканын ичинде Кыргызстанда 13 өрт чыккан. Ага 20 өрт өчүргөн бригада катышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте 4, Ош шаары менен Талас облусунда бирден, Чүй менен Жалал-Абал облустарыда экиден тилсиз жоо каптаган.
Бишкектин Фучик көчөсүндөгү пахта иштеткен цехте өрт болгон. Электр жабдыктарын туура эмес пайдалангандан келип чыккан. Красный строитель конушундагы Бельский көчөсүнөн «Тойота Ноа» автоунаасы күйүп кеткен. Ден Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинен “Ауди-100” автоунаанын салону өрттөнгөн. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарчасынын борбордук базарында 400кв. метр аянтты жалын жалмап олтурат.
Илгери Союз учурунда “Прячьте СПИЧКИ от детей!” күнүгө кулакка кумдай куюшчу эле…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ