Жогорку Сот БШКнын 2020-жылдын 24-октябрындагы Административдик соттун Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жана “Актив” партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы боюнча чечимине каршы кассациялык даттануусун кайтарып берди.
Буга сот актысына даттануу мөөнөтүнүн өтүп кетиши себеп. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жогорку Соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана даттанууга жатпайт. Ошол эле учурда, арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
Эсиңиздерге сала кетсек, 5-6-октябрда Бишкекте массалык нааразычылыктар жана баш аламандыктар болгондон кийин БШК шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табууга аргасыз болду.
БШК кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок парламент депутаттары Конституциялык реформага байланыштуу шайлоону кийинки жылга жылдырууну сунушташты.
Ошол эле учурда, президенттин м.а. Садыр Жапаров тез арада кабыл алынган конституциялык мыйзамга кол койду, ага ылайык, БШК кайра шайлоону 20-декабрга дайындаганына карабастан, конституциялык реформага жана шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу ЖК депутаттарын кайра шайлоо кийинки жылга жылдырылышы керек. Кийинчерээк Садыр Жапаров шайлоо кийинки жылдын март айына чейин өткөрүлүшү мүмкүн деп билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ