Бүгүн, 30-октябрда Эрлан Догдурбеков КРнын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалды.
Жаңы директордун резюмеси:
Эрлан Догдурбеков 1988-жылы 18-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында төрөлгөн. 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2009-2011 – “Балдар ааламы” жеке театрынын директорунун милдетин аткаруучу;
2011-2014 – “ЭлТР” телеканалынын режиссеру;
2014-2015 – Бишкек шаарындагы “ЭлТР” студиясынын башкы режиссерунун милдетин аткаруучу;
2018 -2020 – ЭлТРдин көркөм жетекчиси.
2020-жылы 30-октябрда ЭлТРдин башкы директору болуп дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ