Бүгүн, 30-октябрда социалдык тармакта экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы сүрөтү пайда болду.
Маалыматка ылайык, ал жума намазынан кийин Жал кичи районундагы мечиттен чыгып баратат.
Анын жанында анын кеңешчиси Мурат Шайымкулов, ошондой эле мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери бар.
Белгилей кетсек, бул акыркы эки жумада Жээнбековдун эл алдына биринчи жолу чыгуусу.
16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматынан кетээрин жарыялаган. Кызматтан кеткенден кийин ушул эле мечитте жума намазга катышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ