Бүгүн, 30-октябрда КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 22 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 талапкер экзаменден ийгиликтүү өткөн.
Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет.
Ал эми Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.
Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:
1. Ажыгулова Асель Адылбековна;
2. Сыдыков Омүрбек Талантбекович.
3. Төлөгөн уулу Азамат;
4. Турсункулов Муктарбек Ыманкулович;
5. Ысаков Бекболот Шайдиллаевич.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ