Menu

Режиссер Нурбек Эген детектив Шерлок Холмстун Россиядагы укмуштуу окуялары жөнүндө сериал тартты

Бөлүшүү:

Кыргызстандык режиссер Нурбек Эген детектив Шерлок Холмстун Россиядагы укмуштуу окуялары жөнүндө сериал тартты. Россияда детективдик тасманын бет ачары өткөн жумада болуп өттү, анын продюсерлеринин бири – Александр Цекало.

Маалыматка ылайык, “Россиядагы Шерлок” сериясы Артур Конан Дойлдун детектив Шерлок Холмс жөнүндө окуяларынын негизинде тартылган. 

Бирок Нурбек Эген окуяларды Англиядан Россияга которуп, Шерлок Холмс кылмышкерлерди издеп, Санкт-Петербургга келет да орус полициясы менен кызматташа баштайт. Ватсон досунун ордуна Россиядан Кацев деген дос табат.

Сериал 2019-жылдын жаз айларында тартыла баштаган. Санкт-Петербургда жана анын тегерегинде иштешти. Режиссер Нурбек Эген журналдардын бирине берген маегинде айткандай, сериалда болжол менен 150 каарман пайда болот. Андан тышкары, пандемия тасманын тартылышына дээрлик эч кандай таасирин тийгизген жок, бирок процессти бир аз жайлаткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: