Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42ге жетти. Куткаруучулар дагы бир керемет болот деп үмүттөнүп, урандылардын астында тирүү адамдарды издешүүнү улантышууда.
Расмий маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн 896 адам жаракат алган.
Буга чейин 39 адам каза болуп, 885 адам жаракат алганы кабарланган.
Эскерте кетсек, 30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен Измирдеги 20 үй талкаланган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыр тарткан же каза болгон кыргызстандыктар катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ