Menu

Сыймык Жапыкеев жетектеген Финполиция Кубанычбек Жумалиевге таандык делген бизнестерди тинтип, текшерип баштады

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ЖКнын депутаты кубанычбек Жумалиевге таандык делген бизнестерди текшерүүдө. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери билдирүүдө.

Алардын айтымында, учурда Финполициянын ыкчам тергөө топтору “Таатан”, “Гоин” соода борборлорун жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде тинтүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, Финполиция Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө байланыштуу КР Башкы прокуратурасы тарабынан каттоого алынган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Ушул жылдын май айында Жумалиевди мамлекеттик кызматта иштеп жатып, мыйзамсыз байып кетти деп айыптаган Сыймык Жапыкеев болгон. Ошол эле учурда, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Жапыкеев каржы полициясын жетекчиси болуп дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: