Menu

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун жайылышына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун жайылышына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге райондун акиминин орун басары Лола Абибова билдирди.

Анын айтымында, коомдук тамактануу түйүндөрү (кафе жана ресторандар) саат 18.00гө чейин кардарларды кабыл алат. Мындай чечим COVID-19 менен күрөшүү боюнча райондук штабдын жыйынында кабыл алынды.

Жергиликтүү калк арасында коронавирустун жаңы учурларынын көбөйүшү көптөгөн коомдук иш-чаралардан жана адамдардын саны көп жерлерге баргандан кийин катталат.

Көптөгөн ресторандар менен кафелердин ээлери буга чейин бир нече жолу эскертүү жана айып пул алышкан, бирок тойлорду өткөрүүнү улантышкан. Эми рестораторлор мыйзам чегинде жоопко тартылышат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 4-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 495 учуру катталган. Эң көбү Жалал-Абад облусунда– 130. Муну менен жалпысынан өлкөдө 60 774 адам ооруга чалдыккан. Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам каза тапкан. Бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1163кө жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: