Бүгүн, 5-ноябрда депутат Марлен Маматалиев Ак үйдү оңдоо боюнча маселесин жыйындан кийин жабык эшик артында дагы сүйлөшүп алууну сунуштады.
Анын айтымында, көпчүлүк депутаттар өз кабинеттерин оңдоого макул болуп, кол коюшкан.
“Айым депутаттардын ордуна оңдоп түздөө иштерин биз жасап берүү тууралуу маселе чыгып жатат. Ошондуктан жабык эшик артында сүйлөшүп алсак жакшы болот эле” – деди депутат.
ЖК спикери Талант Мамытов аны менен макул болуп, кесиптештеринен жолугушуудан кийин калууну суранды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ