КРнын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Австрия Республикасынын Федералдык канцлери Себастьян Курцка Венадагы терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу 6-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
«Венада 2020-жылдын 2-ноябрында адам курмандыктарына алып келген теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан терроризмдин бардык аракеттерин кескин айыптайт. Заманбап, ачык коомго түздөн-түз коркунуч келтирген адамдарга карата зомбулукту эч нерсе актай албайт. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу австрия элине кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн тилектештигимди жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуңузду өтүнөм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ