“Орто-Сай” базарындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-ноябрь күнү саат 00:18 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарынан өрт чыккан тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү бөлүм, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, авто шаты, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, 1 тез жардам кызматы жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган.
Өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, бул деген өрттүн андан ары башка обьектилерге жайылышына жол берилген жок, ал эми саат 8:55 толугу менен өчүрүлгөн. Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1800 ч.м. күйгөн, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ