Чолпон-Ата шаарында Президенттин кубогу үчүн Көк-бөрү боюнча өткөн турнирдин финалдык оюндары болуп өттү. Анда Таластын “Ынтымак” командасы Жогорку лигада Кыргызстандын президентинин кубогунун ээси болду.
Турнир 5-8-ноябрь күндөрү Чолпон-Ата ипподромунда өттү.
Жалпысынан медалдар үчүн 6 команда ат салышып, алар эки топко бөлүнүштү. Финалда “Ынтымак” менен “Достук” беттешип, 9: 2 эсебинде Талас командасы жеңишке жетишти.
Жогорку Лиганын жыйынтыктары:
1-орун – “Ынтымак” (Талас облусу) – 500 миң сом
2-орун – “Достук” (Ош облусу) – 250 миң сом
3-орун – “Сары-Өзөн” (Чүй облусу) – 125 миң сом
Мыкты оюнчу – Нуржан Мелисбек уулу (“Ынтымак”), Мыкты ат – Пегас (Достук).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ