Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Доха шаарында, КРнын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи мырза менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ч.Эшимбеков КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Катар Мамлекетинин премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль-Таниге даректелген катын тапшырды. Андан тышкары, кыргыз-катар кызматташтыгынын ар кандай тармактардагы абалы жана келечеги, анын ичинде буга чейин жетишилген келишимдерди иш жүзүнө ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Элчи Ч.Эшимбеков маектешине КРгы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, өлкөдөгү кырдаал турукташып, укуктук талаада саясий процесстер өнүгүп жаткандыгын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ