Menu

Садыр Жапаров: “Мамлекеттен акча уурдагандар күнөөсүн сезип, кайра өз каалоосу менен акчасын кайтарып жатышат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Анда журналист Садыр Жапаровго мындай деп суроо узатты:

“Сиз бир ай мурда жарыялаган экономикалык мунапыска айрым саясатчылар, саясый серепчилер толук кандуу ишке ашпайт деген таризде пикирлерин айтышкан. Сиз өзүңүз ойлогондой жыйынтык берип жатабы?”.

“Кудай буйруса, мыйзам иштелип чыккан. Ал азыр бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Эгерде жаңылышпасам бүгүн толук кандуу өтөт болуш керек. Үч окуудан өтүп, мага келсе кол коюп, анан кетем. Бул экономикалык мунапыс боюнча мыйзам эртең же бүрсүгүндөн баштап күчүнө кирет. Анан мен ойлойм, бул ийгиликтүү ишке ашат. Раим Матраимов боюнча бир айым суроо берди эле. Раим Матраимов төбөсү көрүнгөн гана адам болгону үчүн ушунчалык резонанс жаратып жатат. Төбөсү көрүнгөнү да бар, көрүнбөгөнү да бар. Ушул айдын же кварталдын жыйынтыгы менен болобу укук коргоо органдары жалпы элге отчетун берет. Ошондо көрөсүздөр. Мамлекеттен акча уурдагандар күнөөсүн сезип, кайра өз каалоосу менен акчасын кайтарып жатышат”, – деди Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: