Мектеп окуучулары WhatsApp мессенджерин колдонуп, коркуткан билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, класс жетекчиси балдардын телефонун жана кат алышуусун текшерип, алар менен профилактикалык баарлашуу жүргүзүүнү сунуштайт. “Эң башкысы, өспүрүмдөрдү урушпастан, тескерисинче, алар менен ишенимдүү мамиле түзүш керек”, – деди ата-эне.
Эскерте кетсек, бир нече жыл мурун социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн кооптуу оюндар пайда болгон. “Момо”, “Синий кит” жана башкалар. “Синий кит” оюнун балдар ойношуп, бир нече окуучу күрөө тамырларын кесип салышканын ММК жазып чыгышкан. Андан кийин ата-энелер, мугалимдер балдардын телефондорун алып коюшкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ