Ички иштер министрлиги Лемонти каймана аты менен таанымал кримавторитет Алмаз Сулаймановдун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда.
Сотко чейинки процесстер аягына чыга элек, анткени бир катар татаал, ар тараптуу экспертизалар дайындалды. Тергөө кызматы алардын жыйынтыгын жана эксперттердин корутундусун күтүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн биз анын чоо-жайын ачыктай албайбыз, – деп түшүндүрүштү ИИМдин басма сөз кызматы.
Эске салсак, Лемонти каймана аты менен белгилүү Алмаз Сулайманов аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Нарында ушул жылдын март айында өлтүрүлгөн. Кримавторитет бычактан алган жаракатынан улам көз жумган.
Кылмышка шектүү деп өлтүрүлгөн Имаш Шамшиевдин уулу, 22 жаштагы Талгат Шамшиев шектелген. Маалым болгондой, кылмышка шектүү өзү Сулаймановдун сөөгүн унаага салып, жергиликтүү милиция бөлүмүнө алып келип, андан кийин ал багынып берген. Ал Лемонтини атасынын өлүмү үчүн өч алганын айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ