Menu

Жогорку сот күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүргөн Гүлжан Пасанованын ишине чекит койду

Бөлүшүү:

Жогорку соттун соттук коллегиясы жолдошунун өлүмүнө айыпталган Гүлжан Пасановага карата соттун чечимин күчүндө калтырды. Чечим 2020-жылдын 26-октябрында кабыл алынган.

Аял алты жылга эркинен ажыратылып, 90 миң сом айыпка жыгылды.

Белгилей кетсек, тергөөнүн версиясы боюнча, аял күйөөсү бут кийимин чечип жатканда арматура менен башына бир нече жолу урган. Ал башынан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ошол бойдон эсине келбей, жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

2020-жылы 5-мартта Ош шаардык соту айыпталуучуну  9 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып пул төлөөнү милдеттендирген.

Облустук соттун коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн карап чыгып, өзгөртүүсүз калтырган. Ошол эле учурда, облустук соттун соттук коллегиясы эки мунапыс колдонуп, мөөнөтүн үчтөн бирине, башкача айтканда, үч жылга кыскарткан. Натыйжада, ал 6 жылга кесилип, 90 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын ноябрь айында Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү катары аялы кармалган. Милиция аялды каза болгон жолдошун жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармап кеткен.

Башында маркумдун аялы “сырттан ушундай абалда келген” деген версияны айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө, аял алардын ортосунда чыр чатак болгонун, ошол күнү жолдошу үйүнө келип, эңкейип бут кийимин чечип жаткан кезде, жоон арматура менен башка 3 жолу чапканын айтып, күнөөнү мойнуна алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: