Пакистан Кыргызстандагы төрт медициналык университетти кара тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын расмий сайтында айтылат.
Алар Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус (Славян) университети жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби.
Пакистандын лицензиялык комиссиясы аталган университеттер берген сертификаттарды тааный тургандыгы белгиленди.
Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык адистерди даярдаган бардык ЖОЖдорун кара тизмеге киргизгени белгилүү болгон. Буга себеп, Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90%ы Пакистандын медициналык кеңешинен милдеттүү экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ