Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-ноябрда, Казакстан Республикасынын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда саясий жана экономикалык байланыштардын азыркы абалы, парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү чаралары жөнүндө пикир алышты.

Президенттин милдетин аткаруучу эки боордош өлкөнүн ортосундагы кызматташуу өз ара аракеттешүүнүн дээрлик бардык тармактары камтылган салттуу жогорку деңгээлге жана жигердүү динамикага ээ экенин белгиледи.

Ал эки тараптуу мамилелер мындан ары дагы достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүшү керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле Талант Мамытов жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек ара тилкелериндеги өткөрмө пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө казак тараптын көңүлүн бурду.

Ошону менен бирге тараптар Казакстан Республикасы тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу мурда токтотулган «Бишкек-Талас» каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

«Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагынан транзит менен гана өтөрүн эске алып, казак тарап кыргыз тарапка жеңилдикти мүмкүнчүлүк катары карап көрсө», — деди Талант Мамытов.

Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө сөз кылып жатып, тараптар бул багыттагы иштер өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти. Кыргызстан менен Казакстандын парламенттери КМШ, ЖККУ, ТүркПАнын парламенттер аралык ассамблеясынын, ошондой эле башка парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара тыгыз кызматташат.

Өз кезегинде элчи Кайрат Нурпеисов кабыл алгандыгы үчүн Талант Мамытовго ыраазычылыгын билдирип, Казакстан Кыргызстандын саясий жактан турукташуусуна жана экономикалык жактан гүлдөп-өсүшүнө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ал өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да түбөлүк достук жана союздаштык мамилелер жөнүндөгү келишимдердин негизинде улантууга даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: