Menu

Равшанбек Сабиров: Каттоо тутумундагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү – бул калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги менен биргеликте «Инфоком» мамлекеттик ишканасында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын алкагында Равшанбек Сабиров Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын санариптештирүү жана автоматташтыруунун алкагында Бишкек шаарындагы № 2 калкты тейлөө жана № 1 транспорт каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо борборлорунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

«Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өмүрүнүн бардык баскычтарында маанилүү окуяларды коштоп жүргөн уникалдуу орган. Кызмат алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Калкты тейлөөдө инновациялык технологияларды ишке киргизүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүүлүгүн жогорулата алды. Бирок алдыда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү максаттарын мындан ары да өнүктүрүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү шарт», – деди вице-премьер-министр.

Равшанбек Сабиров Бишкек шаарындагы № 2 калкты тейлөө борборунун иши менен таанышып жатып, документ алууга келген жарандар менен түздөн-түз сүйлөштү. Анда калкты тейлөө багытында түзүлгөн шарттар боюнча элдин пикирин укту.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин маалыматы боюнча, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруунун алкагында паспорт алууда жана жарандык абалдын актыларын каттоодо талап кылына турган документтердин саны кыскарды жана электрондук формага өттү. Бул өз кезегинде кайрылган жарандарга жагымдуу шарттарды түздү.

«Өлкө аймактарында калкты тейлөөчү жаңы борборлорду көбөйтүү керек. Бул үчүн мамлекеттин жана муниципалдык кызматтардын балансындагы имараттарды караштыруу зарыл» – деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун иши менен таанышты. Борбор «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт. Бардык процесстер автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган. Санариптештирүү жана автоматташтыруунун алкагында кыймылдуу мүлктүн каттоо номеринин жоголгону же уурдалгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдү чогултуунун эми кажети жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: