Конституцияны өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын добуштары менен, кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда юрист Замир Жоошев журналисттерге билдирди.
Ал мыйзамда кеминде 80 депутат Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоп, референдумга алып чыга аларын эскертти.
“Айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна кол койбогонун айта башташты. Мыйзамга ылайык, алар демилгеден баш тартышы керек, башкача айтканда, мындан ары анын юридикалык күчү болбойт”, – деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин төрт депутат Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койбогондорун айтышкан.
17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгеледи. Ал парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду. Жаңы долбоор коомдук талкууга жарыялангандан кийин коомчулукта наазачылыктар пайда болду. Көпчүлү Конституция эмес эле, “Ханституция” болду деп сындашууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ