Menu

Астана экстремизмге каршы күрөшүүгө 270 миллиард теңге бөлөт

Бөлүшүү:

Казакстан бийлиги экстремизм жана терроризмге каршы күрөш үчүн беш жылдын ичинде 270 миллиарддан ашык (840 миллион доллар) теңге бөлүүгө ниеттенүүдө.

Бул тууралуу 6-мартта Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Нургали Билисбеков өкмөт жыйынында «диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү» чаралары тууралуу 2018-2022-жылдар үчүн даярдалган мамлекеттик программанын долбоорун тааныштырып жатып билдирди.

Анын айтымында, программада жалпысынан 80 иш-чараны аткаруу каралган. Аларды ишке ашыруу үчүн беш жылдын ичинде 270 миллиард теңге бөлүү каралууда. Анын 209,3 миллиарды республикалык, 6,7 миллиарды жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.

«Чыгымдар укук коргоо органдарын жана башка тиешелүү кызматтарды заманбап техникалар, курал-жарактар менен камсыздоо, профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле кызматкерлердин профессионалдык чеберчилигин арттыруу үчүн каралган», — деди Билисбеков.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: