Menu

Дастан Бекешев: “Садыр Жапаров үчүн бүгүн бирди айтып, эртеси башканы айтуу кадыресе көрүнүш болуп калды”

Бөлүшүү:

Садыр Жапаров үчүн бүгүн бирди айтып, эртеси башканы айтуу кадыресе көрүнүш болуп калды. Ошондуктан, биз ал кандай кааласа ошондой жашап калабыз. Биз Конституциянын долбоорун талкуулап жатканда, элдер шайлоо менен алек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 20-ноябрда “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” чукул форумунда билдирди.

Ал 20-октябрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынганын эске салып, анда “конституциялык референдум өткөнгө чейин” деп жазылганын айтты.

“Биз бул менен кандайдыр бир конституциялык реформа болушу керек дедик. Конституциялык реформа болмоюнча, шайлоо дагы болбойт. Биз ушундай чоң ката кетирдик” – деди ал.

“Мен парламентти пластилин деп ойлочумун, көрсө андан дагы жумшак экен. Эмнеге мындай деп жатам. Анткени, ар кандай жол менен кысым көрсөтүлөт: УКТ, бизнес аркылуу, ар кандай укук коргоо органдары аркылуу жана дагы башка жолдору (кимдир бирөө кызматка дайындоо .б.) бар. Ошондуктан мен референдум болбосо дагы, конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилет деп ойлойм” – деди ал.

“Садыр Жапаров шайлоодон кийин “өзүңөр конституциялык референдум өткөнгө чейин” деп жазбадыңар беле деп айтат. “Конституциялык реформаны өткөрмөйүнчө, эч жакка кетпейсиңер” деп айтат “, – деп белгиледи эл өкүлү.

Бекешев жаңы түзөтүүлөргө каршы турууга жана аларга каршы үгүт жүргүзүү үчүн топторго кошулууга үндөдү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: