Ысык-Ата районунда эркек киши 14 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондун тургуну анын жарандык күйөөсү 14 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылды деп айыптаган. Кийин аял кызын экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.
Ал аял бул тууралуу милиция бөлүмүнө кайрылган. Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Тергөөнүн алкагында соттук-медициналык экспертиза, соттук-психологиялык экспертиза дайындалган, бирок 14 жаштагы кыздын апасы экспертизалардан баш тарткан. Буга байланыштуу иш токтотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ