Menu

Кыргызстанда дагы 304 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 6 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 304 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 101, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 51, Ош облусунан – 19, Талас облусунан – 16, Ысык-Көл облусунан – 32, Жалал-Абад облусунан – 72, Баткен облусунан – 8, Нарын облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 69 885 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 349 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 61 160ка жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 112, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 44, Ош облусунан – 29, Ысык-Көл облусунан – 35, Жалал-Абад облусунан – 54, Баткен облусунан – 70, Нарын облусунан – 2, Талас облусунан – 2.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 6 адам: Бишкек шаарынан – 2, Талас облусунан -1, Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 1. Жалпы саны 1237ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: