Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылып, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү кызматтык унаасы оодарылып кеткен. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан журналисттерге билдиришти.
Белгиленгендей, бүгүн, 23-ноябрда эрте мененки саат 08:30 чамасында Бишкек – Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында, Куакы аймагында Toyota Land Cruiser унаасынын 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, натыйжада унаа оодарылып кеткен.
Унаанын ичинде Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев болгон.
Айдоочу жаракат алган эмес, ал эми облус жетекчисинжеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.
Бул факт боюнча керектүү экспертизалар дайындалды.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев журналисттерге Элчибек Жантаевдин абалы орто туруктуу деп бааланып жатканын, телефон аркылуу сүйлөшө ала турганын, айдоочу баланын абалы жакшы экенин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ