Menu

Видео – Казакстанда оозун тигип алган соттолуучу президентке кайрылды

Бөлүшүү:

Социалдык түйүндөрдө Караганда облусунун Жезказган шаарындагы АК-159/25 түзөтүү абагында камакта отурган адамдын оозун жана көзүн тигип алып жасаган видеокайрылуусу жарыяланды.

Анда ал кайрылуусун «өлүм алдындагы кайрылуу» деп атап, өлкө президенти менен жогорку кызматтагы бир катар аткаминерлерди абактагы абалга көңүл бурууга чакырган.

«Бул түрмөдө түрдүү кыйноолор болуп жатат. Мындагы кыйноолордон улам кимдир-бирөө күрөө тамырын кессе, башкалары асынып алышууда. Бул менин өлүм алдындагы кайрылуум. Президент мырза, прокурорлор, министрлер бизди түшүнүп, бизге жардам бергилечи. Абак кызматкерлеринин жүзүн көрбөө, алар менен сүйлөшпөө үчүн көзүбүздү, оозубузду тигип алуудан башка аргабыз калган жок. Эгер биз менен бирдеме болсо абактын жетекчилеринен көргүлө», — деген өзүн Жанияр Жармаханов деп тааныштырган соттолуучу.

https://youtu.be/-2hNnZdjgro

Караганда облустук жазаларды аткаруу департаментинин өкүлдөрү бул видеокайрылуу боюнча кийинчерээк комментарий берүүнү убадалашты.

Жезказган шаарында абактагылардын даттануулары менен иштеген укук коргоочу Нелли Чуйкина соттолуучуларга жолугуп, абалдары менен таанышуу үчүн аталган түрмөгө кирүүгө аракет кыларын билдирди. Анын айтымында, буга чейин да бул абакта отургандар менен алардын туугандарынан кыйноолорго, андагы шарттарга даттануулар болуп келген.

— Кармоо шарттары оор: соттолуучулар жабык имаратта отурушат, сейилдөө короосуна сейрек чыгышат, алар темир тор менен тосулгандыктан терезелерге жакын бара алышпайт, отурган камералары тар, жарык аз. Психологиялык жана моралдык жактан мунун баары оор. Эгер башка түрмөлөрдө адамдар жумушка чыгып, тизилип ашканага барып тамактанса, бул жерде тамакты да камераларына алып келип беришет. Буга чейин мындагы соттолуучулар жакындары менен көбүрөөк убакытка жолуга алышчу эмес. Быйыл Адам укуктары боюнча бюронун аркасы менен буга жетиштик. Бирок дагы көйгөйлөр бар: түрмөдөгүлөр жакындарынан посылка ала алышпайт, — деди Чуйкина.

Казакстанда кылмышка шектүүлөрдүн жана соттолгондордун кыйноого алынышы сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес. АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылы жарыялаган дүйнөдөгү адам укуктары боюнча баяндамада казак түрмөлөрүндөгү шарттар начар экени, камактагыларга катаал мамиле жасалары жазылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: