Menu

АКШ элчилиги 300 жумушсуз жаштарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жумушка керектүү IT жөндөмдөрүн үйрөтөт

Бөлүшүү:

Чыгармачыл кесиптер академиясы Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарыда жашаган жумуш же билим алуу мүмкүнчүлүктөрү аз болгон 300 жумушсуз жаштар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш табууга пайдалуу акысыз виртуалдык курстарды баштайт. Чыгармачыл кесиптер академиясы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен биргеликте “Fund Sun People” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда АКШнын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чыгармачыл кесиптер академиясы виртуалдык үч айлык курстарды графикалык дизайн боюнча, санариптик маркетинг жана видео өндүрүш боюнча курстарды өткөрөт. Бул үч курстун ар бири беш облусттан келген 100 катышуучуга билим берет. Катышуучулардын жарымы майыптыгы бар адамдар.

Катышуучулар окууну аяктагандыгы жөнүндө сертификаттарды алышат жана жаңы квалификациялары аларга жаңы жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет. Эң таланттуу 15 катышуучулар 2021-жылдын август айында Чыгармачыл кесиптер академиясынын жыйынтыктоочу форумунун жүрүшүндө өздөрүнүн иштерин көрсөтүшөт.

Графикалык дизайн курсуна катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу 2020-жылдын 16- ноябрында токтогон. Графикалык дизайн курсунун катышуучулары конкурстун негизинде тандалып алынган, анын ичине жазуу жүзүндөгү анкета толтуруу жана маектешүүлөр кирген.

2021-жылдын 10-январынан баштап кызыккан талапкерлер февралдан апрелге чейин уюштурула турган санариптик маркетинг курсуна тапшыра алышат, а эми 2021-жылдын 10-апрелинен баштап майдан июлга чейин боло турган видео өндүрүш боюнча курска табыштама жөнөтө алышат.

Тапшыруучулар www.creative-academy.kg сайты аркылуу табыштама тапшыра алышат.

Чыгармачыл кесиптер академиясы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн:
https://www.facebook.com/creative.academy.kg
https://www.instagram.com/creative.academy.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: