“Каныбек Иманалиев калп эле аксына бербесин! Типографияны менчиктеп алганы, Учкундун айланасындагы жерлерди сатканы, Учкундун Көлдөгү пансионатын жана ага караштуу жерлерди сатканы үчүн жооп берсин” – деп жазды бүгүн, 25-ноябрда журналист Адилет Айтикеев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Ар-Намысты” чиритип, Феликс Куловду “кидать” этип, Атамбаев менен тымызын соодалашып, андан кийин “Ата-Мекенге” өтө качып, кийин Атамбаев бийликтен кетээрине 6 ай калганда оппозиция болумуш этип, кечээ эле “Мекеним Кыргызстанда” шүмшүңдөп жүрбөдү беле?Парламентаризм боюнча айткан жомогу мисалы мага жагат. Бирок, уурулугу, бир жээктен экинчи жээкке секирип ойлогону жакпайт. Уурдагандарын кустургула!” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ