Menu

“Өкмөткө оң сунуштарды айтсаң укпайт”

Бөлүшүү:

Кечээ эл өкүлү Фейсбук баракчасына өкмөттүн ички ишиндеги ыраатсыздыктарга токтолуп, канча ирет сунуш, сын-пикирлер айтылса дагы жыйынтык болбогону боюнча билдирүү калтырыптыр. Орчундуу маселе экен, гезит бетинен орун берип коюну эп көрдүк.

«Ушул убакытка чейин өкмөткө кайрылып, ишти оптимизациялоо жана ыңгайлаштыруу боюнча канчалаган тапшырмаларды, сунуштарды айтып келем, жылыш көрбөй турам. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынына «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, айыл чарба министрлигинин өкүлү, салык инспекциясы коюлган суроолорго жооп бере албай, мыйзам кайтарылды. Бир эле суроо: Эмне себептен акциздик маркаларды салык инспекциясы чыгарат, ал эми көзөмөл айыл чарба министрлигинде? Бул убакытка чейин жолдо болуп жаткан башаламандык боюнча маселе көтөрдүм эле, ал жакта дагы ушундай маселе. Айдоочулук күбөлүк алыш үчүн окууну билим берүү министрлигинен алышса, көзөмөл ички иштер министрлигинде. Ушундай жоопкерчиликтен качуу системаларын токтотууну талап кылам».

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: