Menu

Олжобай Шакир, калемгер: “Атамбаев өзүнүн жаназасын өзү окуду”

Бөлүшүү:

—Учурда интеллигенция өкүлдөрү менен аттуу-баштуу аксакалдар Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдештириш керек деп былжырагандардын кебинде логика барбы эй, жолуң болгурлар! АША азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?! Адам сыягынан айрылган АША менен Сокени элдештирип койсоңор эле баары өз ордуна келип калмак беле? Экөөнүн андай ынтымагынын элге эмне кереги бар. Биз ушундай «наивный», ушунчалык дөдөй сунуштарга көңүл бурган бечара калк болдукпу?! Кезинде АШАңар өз алабармандыгы менен кандай гана жийиркеничтүү саясат жүргүзгөн жок – ушуну түшүнүүгө ашынган деле акылдын кереги жок го…

Ал өз жаназасын өзүнө окуп, саясий «труп» болуп калгандан кийин кайра аны «тирилтип» алгыңар барбы?! Анда азыр түрмөгө камалбай калыштын бир гана жолу калды. Дегеним, эми ал Кой-Таштагы «партизандарынын» колунан эч нерсе келбей калгандан кийин «дуракка сот жок» деген шылтоону бетине карманбаса болду. Себеби жазуучулар арасында Атамбаевдин колунда психикалык оорусу бар деген справка тээ илгери эле болгону айтылып келет. Айтты-койду дейсиңер, АШАны абактан сактап кала турган ошол справкасы эле калды окшойт колунда.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: