Menu

Караколдон Бишкекке уурдалып келип, сойкуканада эркектерди тейлегенге мажбурланган 16 жаштагы кыздын окуясы боюнча сот чечим чыгарды

Бөлүшүү:

Сот жашы жете элек майып кызды сойкулукка мажбурлоо иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 25-ноябрда сайтында жарыяланды.

Маалыматтар боюнча, кечээ, 24-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунунун чыгарган чечимине ылайык. шектүү катары кармалган 3 аял күнөлүү деп табылып, 70 миң өлчөмдө айып пул төлөө менен бири 7 жылга, калган экөөсү 6 жылга эркинен ажыратылды. Бирок, соттолуучуларга мунапыс колдонулуп, анын негизинде жаза мөөнөтү үчтөн бирине кыскарды. Ошондой эле, үч аял 100 миң сом өлчөмүндөгү моралдык зыяндын ордун толтуруп беришти.

«Жабырлануучу тарап өкүмдү акыйкат деп эсептейт жана ага каршы даттанууну көздөбөйт. Бирок, сойкукананын ээлерине карата Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгындагы сотко чейинки процесстер дагы деле кыймылсыз бойдон калууда, алар укук коргоо органдары тарабынан табыла элек жана жоопкерчиликке тартылышкан жок”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, былтыр, 21-ноябрда К.А. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Анын арызында, психикалык жактан жабыркаган 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жээнине күч колдонуп, анын каршылыгына карабай сойкулук менен алектенгенге мажбурлаган чала таанышына чара көрүүнү суранганы жазылган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин эки: 166-б. (“Сойкулукка тартуу”) жана 170-б. (“Адам уурдоо”) боюнча катталган. Кылмышка шектүү катары үч аял: 1996-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М., 1996-жылы туулган Д.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: