Menu

Аида Салянова бир тууганынын өлүмү боюнча соттун чечими менен макул эмес

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда КРнын экс-башкы прокурору Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму уланды.

Анда айыпталуучулар Эрмек Осмонкулов 18 жыл 2 айга, Асанэмир Абыкулов 15 жылга эркинен ажыратылды.

Сот отурумунда Аида Салянова сөз сүйлөдү. Анын айтымында, ал соттун мындай өкүмүн күткөн эмес.

“Мен ойлогом, өмүр бою эркинен ажыратылышканда, Улан Саляновду өлтүргөндөр эртедир-кечтир чындыкты, буйрук берген адамдын атын айтып беришмек. Анткени, сот залында алар чындыкты айта алышкан жок. Бирок 15 жылдык жаза алып, айыпталуучулар чындыкты айтышпайт. Анткени аларды түрмөдөн чыгартып алууга аракет кылышат. Мындай өкүмгө биз макул эмеспиз”, – деди Салянова.

Ошондой эле, Аида Салянова журналисттерге соттун өкүмүнө нааразы экенин, бул боюнча жогорку инстанцияга арызданаарын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 6-ноябрь түнү Көк-Жар конушунан беткапчан үч кылмышкер үйгө кирип келип, 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып кетишкен.

Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.

2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: