Menu

5-6-октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбектин атасына Бишкектен батир берүү пландалууда

Бөлүшүү:

5-6-октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун атасына Бишкектен батир берүү пландалууда. Тиешелүү токтомдун долбоору шаардык кеңештин сайтына жарыяланды.

Каза болгон жигиттин атасына Тунгуч кичи районундагы муниципалдык батирди бекер өткөрүп берүү сунушталууда. Муниципалдык турак жай Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 20/2 үй, 112 батир дарегинде жайгашкан.

Бул Үмүтбек үй-бүлөсүн колдоо үчүн жасалып жатат. Каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүндө төрт баласы бар, алардын эң кичүүсү жети айлык. Атасы механик болуп иштейт, апасы үй кожойкеси.

Негиздемеде “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдын 12-беренесинде өзгөчө учурларда, жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объектилерин менчиктештирүү аларды акысыз негизде жеке адамдардын менчигине өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: