Бүгүн, 27-ноябрда кечинде Бишкекте УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалды. Бул тууралуу президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
Абдил Сегизбаев бул камакты саясий кысым катары баалады.
«Менимче, бул кол топтоо процессин үзгүлтүккө учуратуу аракети. Ошондуктан кол топтоо процессин координациялап жаткан негизги адамыбызды кармап кетишти. Бизди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат. Бийликтин өзүм билемдигине туруштук берүү үчүн бардык штабдарды биригүүгө чакырам”, – деди ал.
Бирок, президенттикке талапкер Абдил Сегизбае Дүйшөнбек Чоткараевди ким жана эмне үчүн камагандыгын айткан жок. Ал кандай болгон күндө дагы алдыдагы президенттик шайлоого катышарын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ