Ош шаарында 28-ноябрда эркек кишинин жансыз денеси анын үйүнүн короосунан табылган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Алдын ала маалымат боюнча, жаран бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери адамдын өлтүрүлүшү фактысын ачыкташкан. Анда Д.Садырбаев көчөсүндө 32 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда бычактан 21 жаракат табылган.
Адам өлтүрүүгө шектелип 1962-жылы туулган С.О. менен 1960-жылы туулган П.А. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Ош шаарында 203 кылмыш катталып, анын 168инин бети ачылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ